Бишкекте акын Тенти Орокчиевдин 75 жылдык мааракеси белгиленет
КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Тенти Орокчиевдин 75 жылдыгына арналган китеп, сүрөт көргөзмөсү 11-октябрь күнү Улуттук китепканада өтөт. Бул тууралуу Улуттук китепкананын басма сөз кызматы маалымдады. Көргөзмөгө коомдук ишмерлер, акын, жазуучулар, маданият кызматкерлери жана студенттер катышат. Тенти Орокчиев Кыргыз телерадиосунда “Поэтикалык экран”, “Поэтикалык саптар”, “Ыр толкуну” аттуу поэтикалык уктуруулардын, “Саякат”, “Таберик”, “Адабият жаңылыктары” сыяктуу радиоуктуруулардын алып баруучусу болуп иштеген. Ошону менен катар эле ондогон радиопостановкаларды, радиопьесаларды жазган. Алардын бардыгы бул күндөрдө Кыргыз радиосунун алтын казнасында сакталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.