super.kg logo

АКШнын Жогорку Соту порно актрисанын Трампка каршы доо арызын кароодон баш тартты

 

АКШнын Жогорку Соту экс-президент Дональд Трампты жалаа жаап жатат деп айыптаган мурдагы модель жана порнографиялык актриса Сторми Дэниэлстин доо арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы Wall Street Journal чыныгы аты Стефани Клиффорд болгон Дэниэлс Трамптын президенттикке талапкерлигин көрсөткөнгө чейин анын жактоочусу Майкл Коэн актрисага 130 миң доллар төлөгөндүгүн жазып, коомчулуктун көңүлүн бурган.

Журналда актрисанын президент менен байланыштарын ачыкка чыгарбоо келишими жазылган. Бирок Ак үй бул маалыматты четке каккан. Кийинчерээк, актриса жалпыга маалымдоо каражаттарына Трамп менен болгон мамилеси тууралуу маалыматты ачыкка чыгарганы үчүн белгисиз адам аны жана анын баласын коркутканын айткан. Президент Дэниэлсти калп айтып жатат деп айыптаган.

Буга жооп кылып, актриса АКШнын мурдагы президентин жалаа жапты деп айыптап, сотко кайрылган. Бирок Нью-Йорктогу сот ишти кароодон баш тарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: