Айдоочу рулду башкара албай калган. Сузакта жол кырсыгынан 1 адам каза болду
Кечээ, 23-февраль күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, саат 16:36 чамасында аталган райондун Таш-Булак айылында Hyundai Solaris үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.
"Кырсыктын кесепетинен 58 жаштагы 1 эркек киши каза болуп, 54 жаштагы 1 аял жабыркаган.
ӨКМнын куткаруучулары жеткенге чейин жабыркаган аялды "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кеткен, ал эми каза болгон адамдын жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.