super.kg logo

"Түркиянын медицинасы 30 жыл алдыга өнүгүптүр" дейт дарыланып келген Султан Каримов

 

Кант диабети менен жабыркап жаткан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Султан Каримов Түркия мамлекетинен келди. Ал Стамбул шаарындагы ооруканалардын биринде медициналык кароодон өтүп, дарыланып кайтты. Учурда инсулин алып жаткан артист кыскача буларды айтып берди.

"Учурда абалым жакшы, үйдөн дары-дармектерди ичип, инсулин алып жатам. Мен дарыланган оорукананын тейлөө кызматынан тартып, дарылоосуна чейин жогорку деңгээлде экен. Барган күндөн тартып эле анализдерди алышып, жыйынтыгына жараша дарылап жатышты. Ал жакта анализдин жыйынтыгы 20-30 мүнөттүн ичинде чыгат экен. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгына жараша дарылашат. Биздегидей болуп жыйынтыгын күтүү, анан дарыгер канча күндөн кийин кел десе ошого чейин күтүп жүрө берүү деген жок. Түркиянын медицинасы 30 жыл алдыга өнүгүптүр.

Нанотехнологиянын жардамы менен мини операция дагы жасалды. Ал эми кант диабетинен азырынча операция жасалбайт. Ал үчүн 15-20 килограмм салмак кошушум керек экен. Дарыгерлер баары жакшы экенин айтышып, дары-дармек жазып беришти", - деди ал.

Буга чейин Султан Каримов Стамбулдагы ооруканада жатканын, колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылыгын билдирген.






Чүйдө жайытка кеткен келин дайынсыз болууда

Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.02.2021. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым шыпаасын берсин, мындан ары оорубастан жаны ырларды аткарып ден соолукта журо берин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: