super.kg logo

«Ишеним» элдик партиясы да Бишкек шаардык кеңешине аттанды

 

Бүгүн, 26-февралда Хаят мейманканасында «Ишеним» партиясы өзүнүн шаардык конференциясын өткөрүп, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына аттанган талапкерлердин тизмесин бекитти.

Конференциянын процедуралык иш аракеттери өз ирети менен жасалган соң, күн тартибиндеги:
1. «Ишеним» партиясынын максаттык багыттары менен тааныштыруу;
2. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитүү;
3. Ар кандай маселелер каралды.

Алгачкы сөздү алган «Ишеним» партиясынын Бишкек бөлүмүнүн катчысы Азамат Дороев акыркы жылдардагы олигархиялык - коррупциялык элита муниципиалдык бийлик институтуна болгон элдин ишеничин жок кылганын айтып: - Адамдагы эң ыйык нерсе бул - ишеним! Дал ушул себептен биздин партиянын аты «Ишеним» деп аталат. Ал ишенимди шаардын көйгөйлөрүн жакындан билген жөнөкөй шаардыктарга таянган чыныгы элдик партия менен гана ээлей алабыз. Аларды чечүү үчүн болгон билимибизди, шыгыбызды жана профессионалдуулугубузду жумшоого даярбыз – деди.

Андан соң, конференцияга келген делегаттар –Бишкек шаардык кеңешине талапкерлердин тизмесин добуш берүү аркылуу бекитип беришти.

«Ишеним» элдик партиясы Бишкек шаардык кеңешинен тышкары Кыргызстандагы 13 жергиликтүү кеңештерге өз талапкерлерин талпынтып, чоң саясатка алгачкы кадамын таштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: