super.kg logo

Сокулукта 9-класстын окуучусу спорт залда асынып алды

 

Чүй облусунун Сокулук районунда 9-класстын окуучусу спорт залда асынып алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-февраль күнү Сокулук РИИБине 14 жаштагы Б.В. аттуу кыздын асынган абалда табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн.

"Сокулук РИИБинин ыкчам тергөө тобу аталган жерге барышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз асынып алганы белгилүү болгон. Милиция кызматкерлери сөөктү визуалдык түрдө карап чыгышкан, анда денеден аркан изинен башка бөтөн издерди табышкан эмес. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






Соңку кабарлар: Ошто жасалма авиабилет саткан аял кармалса, Чүйдө окуучу асынып алды

Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: