super.kg logo

Финпол «Скай Мобайлды" мамлекетке 112 миллион сом төктүрдү

 

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы 112 миллион сомдук мамлекеттик чыгымдын ордун толтурду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 232-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, 2019-жылдын ноябрь айында «Скай Мобайл» ЖЧКсына салык төлөөдөн баш тартуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө ишинин алкагында, Финпол тарабынан “Скай Мобайл” ЖЧКсы мамлекеттик бюджетке 112 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган. 11-февралда ЖЧК бюджетке келтирген 112 миллион 103 миң 243 сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурган.

Азыркы учурда Финансы полициясы өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана экономикалык, коррупциялык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иш-чараларды улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: