super.kg logo

"Сыйлыкты Кыргыз өлкөсү гүлдөп кетсе албайлыбы?". Интернет колдонуучусу Садыр Жапаровду "Нобель" сыйлыгына сунуштайлы дейт

 
Президент Садыр Жапаровду "Нобель" сыйлыгына көрсөтүү сунушун социалдык тармактын Номанжан Аркабаев аттуу колдонуучусу жазып чыкты. Ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына кайрылуу жасап, бул идеяны ишке ашырууга көмөк көрсөтүү өтүнүчүн калтырган.
"Кыргыз коомчулугундагы кээ бир көйгөйлөргө карабастан, өлкөбүз акырындык менен болсо да оңолууга багыт алгандыгы, бизге карата башка мамлекеттердин позитивдүү мамилесинин күчөп баратканы чындык. Буга коррупцияга каршы күрөштүн күчөшү, саясий куугунтуктун токтотулушу жана башка көрүнүштөр далил боло алат. Мына ушул нерселердин демилгечиси президентибиз Садыр Жапаров экендиги талашсыз. Ал мамлекетибизде мыйзамдуулукту орнотуу, адам укугун коргоону күчөтүү багытында соңку 15 жылдай мезгилде башына түшкөн тозоктун оор, тирүү жан чыдагыс сыноолоруна карабастан, бул багыттагы күрөштүн башында туруп келди. Бир кезде адам укугун коргоого өз өмүрүн арнаган, кийинчерээк Түштүк Африка Республикасынын президенти болуп шайланган Нельсон Манделага адам укугун коргоодогу кошкон салымы үчүн "Нобель" сыйлыгы ыйгарылган. Биз дагы кыргыз коомчулугундагы прогрессивдүү күчтөр Садыр Нургожоевичтин талапкерлигин "Нобель" сыйлыгына көрсөтүүгө неге болбосун? Ал Кыргыз өлкөсүндөгү өзүнүн адам укугун коргоо, мыйзамдуулукту камсыз кылуу багытындагы талбаган аракеттери үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу экендиги талашсыз. Урматтуу мекенчилдер, келгиле ушул идеяны ар тараптан колдоп чыгалы жана иш жүзүнө ашыралы", - деп жазылат кайрылууда.
Бул билдирүүдөн кийин интернет колдонуучулар эки жээкке бөлүнүп, айрымдары колдосо, айрымдары "Булар иштейби же сыйлык алып эле отурабы?", "Сыйлык деп айтканың жакшы го. Азырынча эрте, жакшы иштеп жатат, аны көрүп, билип турабыз. Бирок дагы иштесин, негизи татыктуу эле, жок дегенде бир-эки жылда деле берсе кеч болбостур", "Мөөнөтү бүткөндө, Кыргыз өлкөсү гүл болуп кетсе ошондо "Нобель" сыйлыгын албайлыбы?", "Азыр эрте. Элдин кыжырына тийип алабыз. Жакшылап ойлонуп көргүлө. Эмгеги сиңген болсо, албетте, кош колдоп колдоп берем", - дешкен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(17)
01.03.2021. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
1 айда сыйлыкка Отто эрте, иштесин жок дегенде 3 жыл.олкону коншу олколорго жакындатсын
01.03.2021. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кытайдын карызын кутулса берсек болот.
01.03.2021. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азырынчы эрте сыйлыкка 1 жыл иштесин
01.03.2021. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Мынчалык кошомат болуп кетпесек э.
01.03.2021. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кошоматчылыкты токтотуш керек. Кайдагы сыйлык? Кечээ эле президент болгон адамга, бүгүн сыйлык бериш керекпи?
01.03.2021. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сөздөн ишке качан өткөндө бериш керек сыйлыкты! Курулай сөздү буга чейин да айтып келишкен,кошамат кылып артын жалагандар болушкан! Акыры эмнеге алып келди? Баары билет!
01.03.2021. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Номанжан акага айтип койгула,пахтаны башка жерге барып койсун.айткан созуно кылган иши дал келбейт,ошон учун берилеби,баардын нерселер кымбаттап баратат,авиабилеттин баасын ойлоно да элек,чек ара маселеси чечилбей турат же ошон учун беребизби нобел сыйлыгын.мындай иштесе жакын арада кетет келген жайына.
01.03.2021. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ай Ай Ай Мадыра баштар, манкурт Эле экен Ким сунуштаса дагы. Мандела менен Садырды салыштырып болбойт, Мандела ким ? Садыр ким? Садыр бийликтии басып алуу жолу менен такка отурду, Мандела 30 жылга жакын турмодо отурду. Манделанын бутунун тырмагындагы кирге да тен келбейт эки жузду Садыр.
01.03.2021. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Пахта коймой башталды
01.03.2021. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Манас оордуна манассыз дегендер,четтен чвга баштадыбы
01.03.2021. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЮАР дын президентине салыштырыптыр. Балким бул созго азыркы билимге умтулбаган жаштар ишениши мумкун. Бирок Нельсон Манделага Манделага чейин ЮАР Африка чолкомундо эн бай олко болчу. Кийин эркиндик алышты, бирок эн жакыр олкого айланды. Биз менен африка олкосун салыштырып болбойт. Бизге эгемендуулук асмандан тушкондой эле болгон
01.03.2021. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nina.alex, Сен деле сабатсыз турбайсынбы. Мандела кара терилуу адамдарга эркиндигти алып берди. Апартеид менен курошом деп 27 жыл турмодо отурду. А Эркиндикти кандай кабыл аласын ал озундун ишин. ТАР( ЮАР) дын экономикасы Африка олколрунон кыйла ойдорок. Дун продукциясы киши башына 8 мин долларга жакын. Баалу таштар боюнча дуйнонун сап башында турган олколорунун бири. А биздин Садыке Кумтордо алтын жок деп айтып чыкты.
02.03.2021. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер Нобель сыйлыгын президенттердин бирине бериш керек болгондо анда Бакиевге бериш керек,а лично Жапаров эч нерсе кылган жок сыйлык бергидей. Кыргызстанда айлыктан башкасынын баары кымбат деп элдер сыздап жатышат аны ойлогон эч ким жок. Жакшы бешенебизге Россия бар экен калкыбыздын 50% мигрант болуп айылда калган ата-энесин, балдарын багып жатат. Жок дегенде учак маселесин чечип койсо болмок, Россияга келем деп акыркы малын сатып келип жатышат, кайдагы бироонун чонтогун толтуруп.
02.03.2021. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Патхалимдер ушинтип келген президентти ажо, Манас, Хан деп журуп тубуно жеттинер. Эмне патхалим болбой жашай албайсынарбы. Жугундукорлор.
Ишенбениз мындайларга урматтуу Президент. Булар алдамчылар бут эле.
Эртен суу куюп кетет
02.03.2021. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мигранттар оз олкобуздун огой балдарына окшоп барсак да кен-кесири журо албайбыз. А эмнеге? Жумуш жок. Бир ай журосун экинчи айда кетпесен, учунчу ай ачка калаарын ачык кеп. Аны ким ойлойт. Эч ким. Ар ким озунун капчыгын калындатыштын айласын кылышат. Анан ошолорго эмне учун беришибиз керек Нобельди...?
02.03.2021. 07:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нооманжан Бакиев парламентти таркатканда озуно "кара-кири" жарыялады эле, Жапаровду сыйлыкка коргозолу деп тирилейин деген окшойт. ... арчылар.
02.03.2021. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз койсунар десе капа болосунар.Нобель сыйлыгын кимдер алат жакшы интернеттен издесер.Нобкль сыйлыгы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: