super.kg logo

Сузакта Дастан Кубатбеков дайынсыз болуп изделүүдө. Анын эки кулагы укпайт, сүйлөй албайт

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын Арал айылынын тургуну 1996-жылы туулган Кубатбеков Дастан Замирбекович 2021-жылдын 16-февраль күнү саат 10:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Учурда Дастан Кубатбековдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: Бою 160-165 сантиметр, өңү ак жумал, чачы, көзү кара, орто дене түзүлүштө, 3-топтогу майып, эки кулагы укпайт, сүйлөй албайт, эки көзү кылый.

Кийген кийимдери: Башында боз түстөгү баш кийим, үстүндө кара түстөгү жемпир, кызыл түстөгү жилет, күрөң түстөгү шым, бутунда жашыл түстөгү резина өтүк болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Дастан Кубатбеков тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Байланыш телефону: 102, (03748) 5-02-09, (0778) 15-15-91, (0558) 16-16-91.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: