super.kg logo

Кырк жылдан бери мугалим болуп эмгектенген Нарынкүл Тообаева жардамга муктаж

 

40 жылдан бери агартуу тармагында эмгектенип келген Нарынкүл Тообаева Альвеококкоз оорусу (боордун курту) менен жабыркап жардамга муктаж. Бул тууралуу анын сиңдиси Миргүл Тообаева айтып, SUPER.KG порталына кайрылды.

Анын айтымында, эжеси Нарынкүл Тообаева Ат-Башы районундагы мектептердин биринде 40 жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келүүдө. Анын операциясына ири суммадагы акча керек болууда жана тиешелүү сумма табылса операция Индияда жасалат.

"Нарынкүл эжеме тез арада операция жасатып, боорун алмаштыруу керек экен. Тиешелүү сумма табылса операцияны Индияда жасатууну пландап жатабыз.

Күнү-түнү уктай албай калгандыктан ооруканага көрүнгөн. Ошол учурда Альвеококкоз (боордун курту) дарты бар экени аныкталды. Мындан төрт жыл мурун операция жасаткан. 30 пайыз гана боорун калтырышкан болчу. Анда дагы операция оор болгон. Азыр боору толук эле өскөн, бирок личинка калып калса, боор менен кошо чоңое берет экен да.

Эжекем Ат-Башыда 40 жылдан бери мугалим болуп иштеп, балдарга билим берип келет", - деди Миргүл Тообаева.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн:
Элсом: +996(555) 11 12 72;
Баланс KG: 0222150363;
МBank: +996 (703) 55 47 47;
DemirBank: 1180000038684517.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: