Садыр Жапаров: "Сырттан караганда катаал көрүнүшүм мүмкүн, бирок жан дүйнөсү жумшак адаммын"
Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта иш сапары менен коңшу Казакстанга барат. Өлкө башчы иш сапардын алдында эл аралык "Казинформ" маалымат агенттигине маек курду.
- Биз кыргыз массалык маалымат каражаттарына, сайттарга, Фейсбук баракчаларына кирип турабыз. Сизди катаал жетекчи деп аташат экен. Мындай имидж эмнеге байланыштуу?
- "Балким, сырттан караганда катаал көрүнүшүм мүмкүн, бирок жан дүйнөсү жумшак адаммын. Азыр бизде бардык чөйрөдө мыйзам иштеп жатат. Мен министрлерге, премьер-министрге, күч түзүмдөрүнө тек гана мыйзамга ылайык аракет кылгыла деп айтам. Азыр иштеп жаткан же мурун иштеп кеткен жетекчилер күнөөсү бар болсо жазасын алышын талап кылам. Тиешелүү жактарга эгер жалган-жалаа жаап, камап коё турган болсоңор, өзүңөр жазасын аласыңар деп айтам. Ошондуктан бизде азыр мыйзам иштеп баштады.
Мен сизди түшүнүп турам. Мындай элестөөлөр эмнеден улам келип чыкканын. Премьер-министр, министрлер, жетекчилер жана башка аттуу-баштуу аткаминерлер кармалды. Түшүнүп турам сиз эмне тууралуу айтып жатканыңызды. 30 жыл ичинде коррупция тамырын кенен жайып кетти. Кыргыз өлкөсүндө 300гө жакын үй-бүлө байып, калгандары жакырланды. Мындан улам бизде үчүнчү революция орун алды. Бул биринчи себеп, экинчи себеби - акыйкатсыз шайлоолор. Ошондуктан биз таза жана акыйкат шайлоо өткөрдүк. Жакында жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Бул шайлоону дагы таза өткөрөбүз. Азыркы учурда мыйзамдуулукту жана акыйкаттыкты орнотуп жатабыз. Албетте, буга бир жыл жетпейт. Ал үчүн кеминде 2-3 жыл керектелет", - деп жооп берди Садыр Жапаров.







1 |