super.kg logo

Финляндияда коронавируска каршы өзгөчө кырдаал режими киргизилди

 

Финляндия бийлиги коронавирустун начарлашына байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин кайрадан киргизди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министрине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Финляндияда коронавирустук инфекция менен ооругандардын саны 1 күндө 392ге көбөйүп, дүйшөмбү күнү 58 миң 64кө жетти. Бардыгы болуп өлкөдө инфекциянын кесепетинен 742 адам каза болду. 3 миллиондон ашуун адам коронавируска текшерилген. Мындан тышкары, өлкөдө коронавирустун жаңы штаммдарын жуктуруп алган 1 232 учур аныкталды.

"Өзгөчө кырдаал бир жыл мурунку негизде киргизилип жатат" деген премьер-министр Санна Марин. Өкмөт ошондой эле коронавирустун жайылышына таасир этүүчү ресторандарды жабуу сунушун парламентке сунуштады. Аны карап чыгуу үчүн бир нече күн талап кылынат.

Марин өкмөттүн арсеналында кырдаалдын олуттуу начарлашына байланыштуу коменданттык саат киргизүү сыяктуу чара бар экендигин айтты. Буга чейин өлкөдө 8-марттан 28-мартка чейин карантин жарыялана турганы өткөн жумада белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: