ИИМ: "2021-жылдын январь айында 727 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган"



Ички иштер министри Улан Ниязбеков үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешмеге ИИМдин борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоонун бардык жагдайларына токтолду. Коомдо резонанс жараткан үй-бүлөлүк зордук-зомбулук кылмыштарынын жана жоруктарынын бардык фактыларын сапаттуу жана мыйзам чегинде акыйкат иликтөөгө, жергиликтүү бийлик органдары, социалдык кызматкерлер менен биргеликте үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюуну үзгүлтүксүз жүргүзүү керектигин белгиледи.
Алсак, 2021-жылдын январь айында ички иштер органдарынын үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча аналитикалык отчётунун негизинде, 727 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Анын көпчүлүгү Бишкек жана Чүй облустарында катталууда. Зомбулук жасаган адамдарга карата 632 убактылуу коргоо ордерлери берилген.
