super.kg logo

Мен көргөн бир күн: "Милиция десе эле эркек мүнөз, сүрдүү деп ойлошот. Түпкүлүгүбүздө назик жанбыз"

 

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат.

Бул жолу бизге өзүнүн кызыктуу баянын Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Назик Майрамбекова айтып берет.

Каарманым өзү жаш болсо дагы кесибине байланыштуу ары кызыктуу, ары татаал окуяларды өткөргөн. "Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет" деген сыңары Назик Майрамбекова бул тармакта 2018-жылдан тарта эмгектенип келет.

"Нөөмөт учурунда чакырууларга барганда ар кандай жаман сөздөрдү угуп келебиз, кээ бири сөгөт, керек болсо каргашат (күлүп). Кээ бири опузалап, менин байкем сот анан прокурор, кээ бири тууганым депутат дешет. Биз деле кадимки карапайым эл мененбиз да, көбү ошону түшүнбөйт. Көбүнчө адамдар биринчи өздөрү тийишип видеого тартып башташат, ага жооп кылсаң тартып алып кыркып, интернетке чыгарып жиберишет. Биздин жарандар жаман пикирлер жазылса анализ кылбай, көпчүлүктү ээрчип кетишет, ишенип алышат" деген тергөөчү айым позитивдүү окуясын баяндап берди.

"Тергөөчү катары эң биринчи тинтүүгө чыкканым эч эсимден кетпейт. Бул окуя интернетке деле чыккан, көбү укса керек. Анда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү унаалардын ичинен барсетка, акча, ар кандай буюмдарды уурдап кеткендери видеого түшүп калган. Бул факты боюнча мен тергөө жүргүзгөм, ошондо алардын батири табылып ал жакка тинтүүгө чыкканбыз. Эки батири бар экен, биринчисине барганда кылмышка тиешеси бар эч кандай далил заттар табылган жок. Баарын жыйнап, таптаза кылып кетишиптир. Экинчисине барганда камера менен киргенбиз, кийин камераны өчүргөнгө болбойт. Ошондо мен биринчи кирем, артыман камера менен бардык процессти баштан-аяк тартып турушат. Бир маалда текченин үстүндөгү куту башыма түшүп кетти, андан кийин колумду кыпчып алдым ушунун баары камерага түшүп жатты да. Кийин ал видеону соттор жана башка кызматкерлер көрөт. Ошол учурда күлкүлүү учурлар болгон.

Батирден көп нерсе таптык, баңгизат, уюлдук телефондор жана башка уурдап жүргөн буюмдар чыкты. Кыздардан жалгыз эле мен, эң кичинекейи дагы мен болуп алар мени олуттуу кабыл албай жатышабы деп ыңгайсыз болгом. Ошентип ал кылмышка шектүүлөр менен тергөө учурунда эки ай сүлөшүп, тыгыз иш алып бардык. Алардын бирөөсү буга чейин киши өлтүрүүгө шектелип соттолуп чыккан. Бул тергөөдө аябай психологиялык сокку алгам, оор болгон", - деп эстеди ал.

"Милиция айым десе эле эркек мүнөз, оңою менен күлбөгөн сүрдүү адам деп ойлошот. Бирок түпкүлүгүбүздө биз дагы бардык айымдардай эле назик жанбыз. Форма кийип жүргөн учурда кадимки айым катары сылык мамиле кылып коюшса, ичибизден ыраазы болуп калабыз", - деп сөзүн аяктады.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
02.03.2021. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен да бир убакта кыялданган кесип эле..Ийгилик ишиңе..Элибизге кызмат кылып жүрө бер.
02.03.2021. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Баарибир элге орой мамиле жасайсынар эркегин болобу ургачын болобу.
08.03.2021. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан сулуу айымдар экенсинер. Молодцы
08.03.2021. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirlan27011987,чачын кошпой калыптырсың
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: