ББОУБ: "Азыркы учурда электрондук каттоонун документтерин кабыл алып жатабыз, бирок көпчүлүк эрежелер сакталбай жатат"
Бишкек шаарында "Жалпы республикалык тестирлөө-2021" аталышында маалымат жыйын өтүүдө. Ага Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жетекчиси Чынар Батракеева, ошондой эле Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун аналитиги, административдик суроолор боюнча консультант Инна Валькова катышууда.
"Азыр биз электрондук документтерди кабыл алып жатабыз, бирок көпчүлүк эрежелер сакталбай жатат. Сүрөттүн артында эч кандай түстөр же ар кандай түс болбошу керек. Арткы фон ак болушу керек.
Мамлекеттик каттоо кызматынын талаптарына ылайык сүрөттөр кабыл алынат. Анда хиджап кийген кыздарга уруксат берилген.
Эгер паспортунун же каттоо документтеринде кандайдыр бир туура эмес белгилер байкалса, анда тест берүүдө көйгөйлөр жаралышы ыктымал. Дагы бир нерсени айтып коёлу. ББОУБнын сайтында онлайн, офлайн түрдө даярдануу үчүн тесттер даярдалган", - деди Билимди баалоо жана окутуу учулдары борбору (ББОУБ) аналитиги Инна Валькова.
