Кайсы жогорку окуу жайларына тапшырууда босого баллды төмөндөтүү каралды? Министрликтин жообу
Бүгүн, 2-мартта Бишкек шаарында "Жалпы республикалык тестирлөө-2021" аталышында маалымат жыйын өттү. Ага Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жетекчиси Чынар Батракеева жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун аналитиги, административдик суроолор боюнча консультант Инна Валькова катышты.
Маалымат жыйында ЖОЖдорго тапшырууда босого баллды төмөндөтүү боюнча суроолор берилди.
"Былтыркы жылы айыл чарба тармагында, ИИМдин академиясына, искусство институтуна ЖРТнын баллын төмөндөтүү каралган. Ал эми башкаларга эч кандай төмөндөтүү каралган эмес. Быйыл бул маселе каралат", - деди Марат Үсөналиев.
Белгилей кетсек, былтыркы жылы ЖОЖдорго абитуриенттерди бюджеттик негизде кабыл алуу 110 балл болсо, ал эми келишимдик ( контракт) 105 балл каралган.
