super.kg logo

Кышкы кийимиңизди кийиңиз. 3-мартта кар, жаан жаайт

 

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 3-мартта түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +1…+6;

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7;

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында ​түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүзү жаан, кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +4…+6 градус.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: