super.kg logo

"Биз кылмышкер болсок Садыр Жапаров баш болуп жоопко тартылышыбыз керек" дейт октябрь окуяларынын катышуучулары

 

Өкмөттөн "баатыр" деген наам берүүсүн талап кылган жокпуз. Мындай пикирин октябрь окуяларынын катышуучулары тарабынан түзүлгөн "Кыргыз үмүтү" коомдук бирикмесинин мүчөсү Самат Өкмөткулов SUPER.MEDIA пресс борборунда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган бирикменин мүчөлөрү 5-6-октябрь күндөрү болуп өткөн окуяларга укуктук баа берилишин талап кылат.

"Алгач жалпы элге кайрылып кетким келет. Жакында эле биз өкмөттөн "баатыр деген наам бергиле" деп талап кылып жаткандыгыбыз тууралуу маалымат тарады. Бул атайын уюштурулганбы же кокусунан ушундай түшүнбөстүк болуп кеттиби билбей калдык. Ошондуктан биз чындыкты ачыктап коюуну туура көрдүк. Биз "баатыр" деген наамды талап кылган жокпуз. Бизге эч кандай мамлекет тараптан артыкчылыктардын кереги жок. Болгону бизге статус берилишин жана жабыркаган жарандарга медициналык колдоо көрсөтүлүшүн каалайбыз. Мына ушул нерсени гана азыркы өкмөттөн талап кылабыз. Биз ким экенибизди билишибиз керек. Биз бийликти басып алган кылмышкербизби же революционербизби? Кылмышкер болсок бийликти басып алды деген жүйө менен азыркы президент Садыр Жапаров баш болуп жоопкерчиликке тартылышыбыз керек. Революционер болсок статус берилип, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүшү керек", - деди Өкмөткулов.

"Кыргыз үмүтү" коомдук бирикмеси октябрь окуяларынын катышуучулары тарабынан түзүлгөн. Буга чейин аталган бирикменин мүчөлөрү президент Садыр Жапаровго кайрылып, "баатыр" деген наам берүүнү талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.03.2021. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыздар, бирок....
Кылсаңыздар Жапаров үчүн эмес же кимдир бирөө үчүн эмес, келечек урпактар үчүн болду баардык болгон нерселер. Бирок Баатыр деген наамды алыш үчүн Мекенди сырткы душмандардан коргоодо баатырлык көрсөтүш керек.
02.03.2021. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Койгулачы эми сөзүңөрдү! Силер жөн гана бийликтегилер үчүн курал болуп бердиңер! Наам алабыз деп жулкунбагыла! Революция кылдык деп милдет кылбагыла!
02.03.2021. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Зекти колдоп чыгып элдин жашоосун артка тарттынар.эми Раимди колдоп чыгып атасынар.силерге акча болсо чыга бересинер да
03.03.2021. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен суроо бергим келип турат.
Бул уюм эмне учун тузулду?Максаты эмне?
Башында ким турат?Канчалаган адамдар митингге чыкты,эмнеге баарынан уруксат албай эле уюм тузуп алышат?Мындайча айтканда кылган башка,булар "герой".
Ар бир төңкөрүш болгон сайын,уюм түзө бербегиле."Апрель баатырлары","Апрель катышуучулары"-деген уюмдарды да жок кылуу керек.Баатыр деген наамдарды алып салуу керек.Бизде Баткен окуясына катышкандарга"баатыр"наамын берсек б
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: