Бишкекте маршруттук таксиден 10 миң сом жана телефон уурдаганга шектүү кармалды
Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери уурдоого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
2-март күнү болжол менен саат 22:20 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Некрасов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен маршруттук таксинин ичинен уюлдук телефонумду жана акчамды уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери барып маалыматты тактаганда 1989-жылы туулган С.Ж. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү ошол эле даректен болжол менен саат 22:00 чамасында жүргүнчү ташыган маршруттук унаанын ичинен белгисиз жаран арыз ээсинин 11 миң сомдук уюлдук телефонун жана 10 миң сом өлчөмүндө акчасын жашыруун уурдап кетишкен.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1992-жылы туулган С.А. аттуу жаранды кармашып, Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
