Медициналык каражаттар, аскердик техникалар. Казакстан Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр
Казакстан өлкөсү Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда билдиргенин казак басылмалары жазып чыгышты.
"Эки тараптуу жолугушууда коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү маселеси талкууланып, Казакстан жардам иретинде медициналык каражаттардын кезектеги партиясын жиберүүгө, Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнө аскердик техникаларды берүүгө даярдыгын белгиледи".
Ошондой эле Казакстан Кыргыз өлкөсүндөгү алдыңкы инвесторлордун, ири соода өнөктөштөрдүн бири экенин Касым-Жомарт Токаев белгиледи.
"Акыркы 15 жылдын ичинде биз Кыргыз өлкөсүнө миллиард доллардан ашуун инвестиция салдык. Казакстандык инвесторлор Кыргыз мамлекетинин экономикасынын негизги тармактарын колдоого жана социалдык абалды жакшыртууга олуттуу салым кошуп жатышат. Жаңы жумуш орундарын түзүүгө, өндүрүш тармагын жана каржы рыногун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Буга байланыштуу биз өз ара инвестицияларды колдоо жана коргоо боюнча макулдаштык", - деди Токаев.
Бүгүн, 2-мартта Нур-Султан шаарындагы президенттин "Ак ордо" сарайында өлкө башчы Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп, эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(6)
algakaray

02.03.2021. 16:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жардам эле алып журо беребизби
anash

02.03.2021. 16:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казахстан томожниясын качан ачат экен Кыргызстан менен билгендер айтып койгулачы супер инфо суйлошу болуптурбу томожния жонундо?
kamchatka

02.03.2021. 16:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбекстан менен Казакстандан жардам алганды качан токтотосунар бети жоктор алардан эмнеси кем Кыргызстандын болгону жолду ачып берсин Казакстан башка эч нерсе керек эмескуйдуруп бутотурган болдугарго эшеке мингирлер !
anash

02.03.2021. 17:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kamchatka,Кечиресиз -басылып кетти +басам деп мен негизи кутком томожнияны аятырса керек деп булар деле кыйратбай калдыго гум жардам сурап эн керектуу томожнияны ачып берсе болот элего бир ооз соз болбоптурго
Real98

02.03.2021. 16:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кытайга барып дагы жардам сурайт эми! Качанкыга чейин жардам сурайбыз!? Садыр Жапаров сөздөн ишке качан өтөсүңөр? Бензин, продукты баарын кымбаттап атат,качан көзөмөлгө аласыңар?!
kamchatka

02.03.2021. 16:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алар оздору сыртан карыз алып жашап жатышат уялгылачы акмактар карыз сурабай Акаевтен берки арам тамактарды кустурсанар эле карызы жашайт элего
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.