super.kg logo

Сузакта изделип жаткан Дастан Кубатбеков табылды

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп изделип жаткан 25 жаштагы Дастан Кубатбеков табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайдыгер эмес жарандар тарабынан анын жүргөн жери аныкталган. Дастан адашып Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортуна барып калган.

"Ал жерден аны милиция кызматкерлери туугандарына өткөрүп беришкен. Учурда Дастан Кубатбеков туугандары менен биргеликте Сузак районуна кайтып келүүдө", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл аймагындагы Арал айылынын тургуну 1996-жылы туулган Кубатбеков Дастан Замирбекович 16-февраль күнү саат 10:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, изделип жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.03.2021. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип барып калды экен бечара.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: