Йеменде жаңжалдан улам 3 жуманын ичинде 14 миңден ашуун адам өз үйүн таштап кетти
Йеменде аскер күчтөрү менен Иран колдогон куралдуу топтордун ортосундагы кагылышуулар акыркы 3 жумада 14 миңден ашуун адамды жер которууга аргасыз кылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Йемендин чыгышында жайгашкан Мариб провинциясындагы кагылышуулар аймактын жашоочуларына терс таасирин тийгизген. Марибдеги 14 миң 413 адам чыр-чатактын күчөп жаткандыгына байланыштуу өлкөнүн башка аймактарына көчүп кетүүгө аргасыз болушкан.
Мыйзамдуу өкмөттүн эң маанилүү шаарларынын бири болгон жана Коргоо министрлигинин башкы кеңсеси жайгашкан Мариб шаарын басып алууну каалаган Хусит куралдуу топтору акыркы кездери аймакка тынбай чабуулдарды жасоодо. БУУ баш болгон эл аралык уюмдар Хуситтерди Марибге кол салууларын токтотууга чакырды.


1 |