super.kg logo

Казакстандын парламентинин төрагасы Кыргыз өлкөсүндөгү саясий реформаларды жүргүзүүгө ийгиликтерди каалады

 

Бүгүн, 2-мартта президент Садыр Жапаров Казакстандын парламентинин мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекеттер аралык, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттеринин деңгээлиндеги мамилелерди активдештирүү боюнча пикир алмашуу болду.

Нурлан Нигматулин Садыр Жапаровдун мамлекеттик иш сапары өзгөчө учурда Кыргыз мамлекети менен Казакстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгында өтүп жатканын белгиледи.

Бул жылдар аралыгында эки өлкөнүн эли жанаша жашап, жаш мамлекеттердин жолундагы бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгышканын, буга кылымдарды карыткан достук жана ынак коңшулук мамилелер себеп болгонун канааттануу менен баса белгиледи.

Нурлан Нигматулин Кыргыз мамлекети Казакстандын бул чөлкөмдөгү негизги өнөктөшү экендигин кошумчалады.

Казакстан кыргыз эли менен салттуу боордоштук мамилелерди өнүктүрүү багытын уланта берерин, эки тараптуу кызматташууну жана өнөктөштүктү мындан ары да кеңейтип, тереңдетүү ниетинде экенин өзгөчө белгиледи.

"Өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай саясий келишпестиктер жок, эки тараптуу мамилелер ырааттуу өнүгүүдө. Мында Кыргыз өлкөсү менен өз ара алакалардын өзгөчө маанисин ар дайым баса белгилеп келген Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин эмгеги зор. Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев дагы эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берет", - деди Нурлан Нигматулин.

Казакстан парламентинин пажилис төрагасы Садыр Жапаровго кыргыз элинин жашоо-турмуш деңгээлин көтөрүүгө багытталган өлкөдөгү саясий реформаларды жүргүзүүгө ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров боордош Казакстан элин парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктап, бул иш-чараны өлкөнүн ички саясатындагы эң маанилүү окуялардын бири деп атады.

Шайлоонун жыйынтыгы Казакстандын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана элдин турмушунун жакшырышына чоң салым кошот деген ишенимин билдирди.

Ошондой эле Садыр Жапаров Нурлан Нигматулинди Казакстандын парламентинин мажилис төрагасы кызматына бир добуштан шайланышы менен куттуктап, анын мындан аркы жооптуу ишине ийгиликтерди каалады. Мамлекет башчысы парламенттер аралык кызматташуунун алкагында Казакстан менен өз ара байланыштарды өркүндөтүүгө кызыкдар экендигине токтолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: