super.kg logo

БШК: "59 саясий партия талапкерлердин тизмесин сунуштады"

 

59 саясий партия 28 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин сунуштады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү аяктады.

"Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясы 21 шаардагы шайлоого катышат. "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы 17, "Замандаш" саясий партиясы 16, “Ыйман-Нуру” саясий партиясы 15, “Ынтымак” саясий партиясы 14, “Социал-демократтар” саясий партиясы 13, "Республика" саясий партиясы он эки шаардагы шайлоого катышат.
Ошондой эле 11 шаардагы шайлоого “Эмгек” саясий партиясы, 10 шаардагы шайлоого эки саясий партия - "Бүтүн Кыргызстан" жана "Улуу Журт", алты шаардагы шайлоого "Бирге-Вместе" саясий партиясы катышат.

Үч саясий партия: “Ишеним”, “Кыргызстан” жана “Тынчтык” беш шаардагы шайлоого катышат. Төрт шаардагы шайлоого беш саясий партия: “Бир-Бол”, “Жаңы-Доор”, “Ата-Журт, “Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясы” жана “Патриот ынтымагы” катышат.

Жети саясий партия: "Аманат", "Мекен Ынтымагы", "Нур", "Улуттар Биримдигинин Элдик партиясы", "Ордо", "Табылга" жана "Чоң-Казат" үч шаардагы шайлоого катышат.

Бир эле учурда эки шаарга 10 партия көрсөтүлгөн. Алар: “Мурас”, “Айкөл-Кыргызстан”, “Асман Ала-Тоо”, “Ата-Мекен”, “Бийлик элге”, “Кыргызстан Жашылдар партиясы”, “Кыргызстан Коммунисттер партиясы”, “Реформа "," Кыргызстан социалисттик партиясы "," Улуу Кыргызстан” партиялары.

“Улутман”, “Акшумкар”, “Калк Ынтымагы”, “Энергетиктер”, “Адилет”, “Адилеттүү Кыргызстан”, “Ак-Бата”, “Ала-Тоо-Кыргыз жери”, "Бүткүл Жаштар", "Калыс", "Кыргызстан жаштарынын прогрессивдүү партиясы", "Элдик партия", "Биздин эл", "Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын партиясы" , "Патриот", "Тандоо Эркиндиги", "Тилектештик", "Эл биримдиги", “Элдик Народная", “Асыл Мурас-Жаштар", "Күчтүү Коом ", "Столица ", "Тазалык" партияларынын талапкерлиги бир гана шаарга көрсөтүлөт.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо, шайлоого чейин 30 календарлык күн калганда, 12-мартта чейин аяктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
02.03.2021. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиев шайлого барбайбыз деди эле бирок ата журт Кыргызстаны барыпле жататко
02.03.2021. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биримдик жокго
03.03.2021. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Карагылачы канчалаган партия канчалаган коррупция канчалаган жеп ичерлер
бизге ушунча партиянын кереги бар беле? Убагында президент сөз берди эле партияларды кыскартабыз депутаттарды кыскартабыз деп атпады беле тескерисинче кайра көбөйүп кетишти го
же ал сөзүнөн кайттыбы. Бул бийликке элдин ишеними өтө күч эле, бул темп менен кетсе элдин үмүтү очпойбу
03.03.2021. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asmat84,ошенитип айткан бирок азыркы коництутция партия менен барганга болот ошон учун Жапаров эс нерсе кыла албайт и кылбайт дагы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: