super.kg logo

Садыр Жапаров Казакстандын премьер-министри менен кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси тууралуу сүйлөштү

 

Бүгүн, 2-мартта президент Садыр Жапаров Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, маданий-гуманитардык өз ара байланыштарды кеңейтүү жана күн тартибиндеги башка актуалдуу темалар боюнча пикир алмашты.

Казакстан премьер-министри Аскар Мамин боордош эки элдин ортосундагы достук байланыштарды чыңдоонун маанисин белгилеп, өлкөлөрдүн өз ара экономикалык пайдалуу кызматташтыгын тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров 2020-жылы коронавирус пандемиясы маалында Казакстан мамлекети биринчилерден болуп кол сунуп, чоң колдоо көрсөтүп, эмгек мигранттарынын мекенине кайтып келүүсүнө "жашыл коридорлорду" түзүп бергендиги үчүн Казакстандын өкмөтүнө кыргыз элинин атынан ыраазычылыгын билдирди.

Мамлекет башчысы Казакстандын жогорку жетекчилиги эки элдин ортосундагы биримдикти жана тыгыз карым-катнашты чыңдоого зор салым кошуп жаткандыгын баса белгиледи.

Садыр Жапаров кыргыз тараптын Казакстан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын жана кызыкдар экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: