Кыргыз өлкөсүнөн мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды
Кыргыз өлкөсүнөн мунай жана мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
"Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койду" , - деп жазылат маалыматта.
Белгиленгендей, мындай чечим мунай зат ички рыногундагы жетишсиздиктин алдын алуу максатында кабыл алынган. Бул тыюу мазутка жайылтылбайт жана ЕАЭБде ички рынок каныкканга чейин же мунай зат жана мунай заттарынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин күчүндө болот.
Жеке адамдарга республикадан чыгып жатканда автоунаанын күйүүчү май куюлган цистернасын жана 20 литрлик бензин же дизель майын алып кетүүгө уруксат берилет. Республиканын тийиштүү түзүмдөрүнө, анын ичинде бажы кызматына жана чек арачыларга мунайды жана мунай заттарын мыйзамсыз экспорттоону токтотууга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылды. Бул чечим кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирди.
Кыргыз өлкөсүнүн күйүүчү-майлоочу материалдардын негизги жеткирүүчүсү Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдору.








1 |