super.kg logo

Ооганстанда жергиликтүү телеканалдын үч кызматкери өлтүрүлдү

 

2-мартта Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясынын борбору Желалабадда "Enikass" телеканалынын үч кызматкери өлтүрүлдү. Бул тууралуу аталган телеканалдын жетекчиси Салмай Латифиге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, белгисиз адам жергиликтүү базарда журналисттерге ок чыгарган.

Бир нече жыл мурун согушкерлер тарабынан уурдалып, дээрлик беш ай бою туткунда жүргөн Латифи телеканалдын журналисттери экстремисттер иш алып барган Нангархар провинциясында ишин улантып жаткандыгын белгиледи.

БУУнун Ооганстандагы миссиясы өлтүрүүнү айыптады. 2020-жылы декабрда ушул эле провинцияда "Enikass" телеканалынын журналисти жана анын айдоочусу өлтүрүлгөн. Маалым болгондой, 2020-жылы Ооганстанда жети журналист өлтүрүлүп, коркутуу жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө карата зомбулук окуялары өткөн жылга салыштырмалуу 26% көбөйүп, 132ге жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.03.2021. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бир учурда увурматтуу журналисттер ашырып жиберишет. Кыжырды кайната турган жалган маалыматтарды таратышат. Андай нерсееге биз кандай болобуз, а бир жолу диндин жолун татаалдаштырып жиберген фанатизмге алдырып койгон адамдар учун адам олтуруу чымын олтургондой эле болуп калат да. Аллах жаман нерселерден озу сактасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: