super.kg logo

Былтыр 4 миң 805 адам "В", "С" вирустук гепатит илдетине чалдыккан

 

Былтыр 4 миң 805 адам "В", "С" вирустук гепатит илдетине чалдыккан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында айтылды.

Анда “Кыргыз Республикасында вирустук гепатиттер оорусуна 2017-2022-жылдарга карата каршы күрөшүү стратегиясы” боюнча программасынын аткарылышы талкууга алынды.

Жыйында баяндама жасаган саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев аталган программанын алкагында жети багыт боюнча иш жүргүзүлүп жатканын белгиледи. "Бул жаатта көйгөйлөр көп. Биринчиден, "В", "С" вирустук гепатиттерине каршы вакцина алуу үчүн 5 миллиард сомдон ашуун каражат керек. Экинчиден, гепатология борборун куруу да мерчемделген. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу аталган максат ишке ашырылбай келет. Үчүнчүдөн, сулуулук салондору, тиш дарылоо жайлары сыяктуу коомдук жайлардагы абалды текшерүү боюнча тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү аракети көрүлүүдө", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: