super.kg logo

Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы жөнүндөгү келишимдин ратификацияланганы боюнча кыргыз тарап расмий билдирүү күтүп жатат

 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев министр кызматына келген алгачкы күндөрүнөн баштап Бишкектеги мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасынын ачылышын тездетүү маселесин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын 30-октябрында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Стамбул шаарында Түркия Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа менен жолугуп, келишимди ратификациялоону тездетүү маселелерин талкуулаган.

Андан кийин ушул жылдын 10-январында министр Бишкек шаарында Түркия парламентинин депутаттары менен жолугушту.

Министр 4-7-февралга чейин Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Түркиянын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Халил Элдемир, ошондой эле Түркия Улуу Улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Жалал Адан менен жолугушуу өткөрүп, Бишкек шаарындагы мамлекеттик Кыргыз-Түрк достугу ооруканасынын толук кандуу иштеши үчүн келишимди ратификациялоону тездетүү маселеси көтөрүлгөн.

11-февралда Түркия Республикасынын парламенти Бишкек шаарында 2018-жылдын 1-сентябрында кол коюлган Бишкектеги оорукананы ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркияда медицина жаатында билим алуусу боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Түркия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды.

20-февралда мыйзамга Түркия Республикасынын президенти кол коюп, өкмөттүн расмий гезитинин беттеринде жарыяланды.

Учурда кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу жогоруда аталган макулдашууну ратификациялоо боюнча ички процедуралардын аяктагандыгы жөнүндө түрк тараптын расмий билдирүүсүн күтүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: