super.kg logo

Бишкектин Свердлов районунда эки ай ичинде кароосуз калган 22 бала катталды

 

Бишкектин Свердлов районунда эки ай ичинде кароосуз калган 22 бала катталды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Свердлов районунда эки ай ичинде өткөрүлгөн рейддердин жыйынтыгында, 22 кароосуз калган балдар катталды. Балдар менен тийиштүү иш-чаралар өткөрүлдү.

"Свердлов райондук акимчилигинде жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңешме болуп өттү. Ага Свердлов РИИБинин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана билим берүү борборунун кызматкерлери катышты.

Өспүрүмдөрдүн иштери боюнча өткөрүлгөн алты жыйындын жыйынтыгында 76 токтом кабыл алынды.

Өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында "тобокелдик тобундагы" иш жүргүзүлүп жатат. Свердлов РИИБинин каттоосунда 379 өспүрүм бар. Алардын арасында 67си жашы жете элек балдар болсо, 56сы мектеп ичинде каттоодо турат", - деп жазылат маалыматта.












 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: