super.kg logo

Ошто Мамлекеттик туу күнү белгиленди

 
Бүгүн, 3-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахматжан Махамадов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаардыктар жана аскер кызматкерлери катышты.
"Мамлекеттик туу күнүн белгилеп жатып, жалпыңыздарды патриоттуулукка, ар намыстуулукка үндөп кетем. Туубуз элибиздин майрамдарында, салтанаттарында, улуттук аземдеринде желбиресин! Спорт чеберлерибиз, маданият кызматкерлерибиз, дегеле бүтүндөй Кыргыз жарандарыбыз башын бийик көтөрүп жеңиштерде желбиретишсин! Ылайым биздин туубуз кыргызстандыктарды бириктирген сыймыктуу символ катары түбөлүккө жашасын!”, - деди Сарыбашов.
Иш-чаранын жүрүшүндө жоокерлер шаардын борбордук аянтына мамлекеттик тууну көтөрүштү.
Ошондой эле Ош ШИИБинин жана Ош гарнизонунун кызматкерлеринин жүрүшү уюштурулду.
Белгилей кетсек, мамлекеттик тууну легендарлуу парламент эки ай талкуулап, 1992-жылдын 3-мартында кабыл алган. Быйыл Кыргыз Республикасынын туусуна 29 жыл толду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: