Борбор калаадагы бала бакчалар жана мектептер качан ачылары белгилүү болду
Бишкек шаарында 9-марттан баштап бала бакчалар ачылат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, коронавирус жана ОРВИ менен ооруган мектепке чейинки балдар арасында абал көзөмөлгө алынды.
"Бишкек шаардык мэриясында социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаеванын катышуусунда борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча жыйын болуп өттү. Анда мектептерди жана бала бакчаларды этап менен ачуу маселелери каралды. Анда төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды.
Бишкекте 2-3-4-класстын окуучуларын 9-марттан баштап бардык эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен салттуу режимде окутуу;
Ошондой эле 9-марттан баштап шаардагы бала бакчалар (10дон көп болбогон балдар болушу зарыл) ачылат", - деп билдиришти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.