Марат Жанталиев көзү тирүү болгондо 60 жашка чыкмак. "Туулган күнүн өткөрүп берем деп убада кылдым эле" дейт агасы
"Бопуш" деп элге таанылган белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев көзү тирүү болгондо бүгүн, 3-мартта 60 жашка чыкмак. Ал өткөн жылдын 9-июнунда оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. 11-июнда Марат Жанталиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп, маркумдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилген.
Марат Жанталиевдин бир тууган агасы Талант Жанталиев инисин эскерип, анын 60 жашын өткөрүп берүүнү убада кылганын айтат. "Кудай Таала Макибайыма (Бопушка) 60 жашты ыраа көрбөптүр. Болбосо бүгүн 60 жашка чыгып, эл тойлогон тойду тойлобойт беле. Убада берип койдум эле, мен өткөзүп берейин деп...", - деген билдирүүсүн калтырды.
Ал эми актриса Айнура Турганбаева куран окугандан башка айла жок экенин белгиледи.
"Алтыным, Бопуням! Бүгүн көзүң тирүү болгондо 60 жашка чыкмак элең... Азыр жаныбызда болгонуңда канча деген рольдорду ойноп, бирге иштеп, канчалаган тасмаларга чогуу тартылат элек, 60 жылдык юбилейиңди өткөрөт элек. Кандай десем да ажал экен, бизден сени алып кетти. Эми куран окуп, дуба кылгандан башка айла жок", - деп эскерди.
Актёр, куудул Марат Жанталиев Нарын облусунун Кара-Кужур өрөөнүндөгү Лахол айылында туулган. Москва шаарындагы Кинематографиялык институтту бүтүргөн. Марат Жанталиев көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип, бир катар тасмаларда роль ойногон.
Жанталиев өмүрлүк жубайы Асел Дооронбаева менен 30 жыл чогуу жашаган. Түгөйлөр 3 баланын ата-энеси. Актёр тууралуу кабарларды, анын кызыктуу маектерин шилтеме аркылуу өтүп окуй аласыз.
