super.kg logo

АКШ Камчы Көлбаевдин камактан бошотулушуна тынчсызданып жатканын билдирди

 

АКШ кримтөбөл Камчы Көлбаевдин абактан бошотулушуна тынчсызданууда. Бул тууралуу АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Дональд Лу билдирүү жасады.

"Камчы Көлбаевдин баңгизаттарын сатуу тармагы Борбор Азияда, Орусияда жана Европада балдарды ууландырып жатат. Ошондуктан АКШнын Мамлекеттик департаменти бул кылмыштуу тармакты жок кылуу үчүн маалыматка миллион долларга чейин сыйлык сунуш кылган", - деген Дональд Лу.

Мындан тышкары Лу Вашингтон Көлбаевдин кылмыштуу тармагын жок кылгандыгы үчүн сунушталган сый акыны көбөйтүү жана кыргыз өкмөтүнө өлкөнү Көлбаевдин кылмыш дүйнөсү тарабынан келтирилген коркунучтан арылтууга жардам берүү үчүн Кыргыз жарандарына бул сыйлыкты алууга мүмкүнчүлүк берген механизмди түзүү ниети бар экендигин билдирген.

Эске салсак, крим авторитет Камчы Көлбаев 2020-жылдын 22-октябрында кармалган. Ал 23-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Ага карата "кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кийин, 2-ноябрда №47 абакка которулган. Кечээ, 2-мартта ал эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде эркиндикке чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.03.2021. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Көлбаев Америка деген чон державаны терең тынчсыздантып коюптур го...
Миллион аз,4 миллиард бергиле,анан ойлонобуз.
03.03.2021. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынчсыздансанар туз жалагыла. Жардам берээр.
04.03.2021. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми Көлбаевте ядерный бомба бар болуп тынчсыздансаңар жарашмак эле, же Көлбай көзүңөргө Ким Чен Ын көрүнүп жатабы? ;)
Azat-123 түзөттү 2021-03-04 13:40:59
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: