Өлкөдө калкты тейлөөчү дагы 9 борбор ачылат
Өлкөдө калкты тейлөөчү дагы 9 борбор ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жакын арада республикада калкты тейлөө борборлору төмөнкү аймактарда ачылат:
- 2021-жылдын 1-апрелине чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында;
- 2021-жылдын 1-апрелине чейин Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында;
- 2021-жылдын 10-апрелине чейин Бишкек шаарында (Жибек Жолу кең көчөсү 381 («Эльдорадо» соода борборунун мурдагы имараты);
- 2021-жылдын 20-апрелине чейин Бишкек шаарында универсалдуу сервистик борбор ачылат;
- 2021-жылдын 20-апрелине чейин Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында;
- 2021-жылдын 1-майына чейин Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпуев айылдык округунда;
- 2021-жылдын 1-майына чейин Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарында;
- 2021-жылдын 1-июнуна чейин Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарында;
- 2021-жылдын 1-июлуна чейин Ош облусунун Араван районунун борборунда.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 26 калкты тейлөө борбору иштейт.


1 |