Садыр Жапаровдун Казакстанга мамлекеттик иш сапары жыйынтыкталды



Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстан Республикасында мамлекеттик иш сапары менен болду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик иш сапар Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземинен башталды.
Мамлекет башчылары чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулашты.
Мамлекеттик иш сапардын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду, анын ичинде Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды.
Ошондой эле Садыр Жапаров Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, парламенттин мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушту.
Бүгүн, 3-мартта президент Садыр Жапаров Бишкек шаарына кайтып келди.
