super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте 400дөн ашуун коомдук тамактануучу жай убактылуу жабылды

 

Бишкекте 500дөн ашуун коомдук тамактануучу жайлар текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөл борборунун тамактануу гигиенасы бөлүмүнүн жетекчиси Махамадхалил Мурзашев билдирди. Анын айтымында, көрсөтүлгөн талаптарга (тамак жасоо шарттары, суу менен камсыздоо) жооп бербеген 30 объект толугу менен жабылса, 400дөн ашууну убактылуу жабылган. “Текшерүү учурунда объекттердин санитардык нормаларга жооп бербегенине, жумушчулардын медициналык текшерүүдөн өтпөгөнүнө күбө болдук. Элиталык деп эсептелген кафелерде да эреже бузуулуларды аныктадык. Эң көп салган айып пул 2 миң сом болгондуктан, бул ишкерлер үчүн кыйынчылыкты жаратпайт. Ошондон улам алар жоопкерчиликти сезишпейт”,- деди ал. Бишкектеги массалык уулануулардан кийин башталган текшерүүлөр 24-сентябрдан 15-октябрга чейин жүргүзүлөт.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: