Премьер-министр: "Өлкөдө азырынча күйүүчү майдын баасы туруктуу эле"
Премьер-министр Улукбек Марипов күйүүчү майлардын баасы жогорулашын көзөмөлгө аларын социалдык тармактагы баракчасында түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, нефтинин баасы дүйнөлүк аренада өсүп жатат. Өлкөдө азырынча күйүүчү майдын баасы туруктуу эле.
"Өзүңүздөр билесиздер дүйнөлүк масштабда азыр нефтинин баасы өсүп жатат. Акыркы алган маалымат боюнча 67 долларга жетип калды. Чийки нефти сырьёсу 31 пайызга өскөн.
Күйүүчү май Орусияда, коңшу өлкөлөрдө бир аз кымбаттады. Ошондуктан сиздерге кайрылып кетер элем. Өкмөт күйүүчү майга болгон бааны бир аз болсо да турукташтырууга колдон келишинче аракет кылабыз. Мына жазгы талаа жумуштары башталып жатат. Солярканын жетишсиздигин камсыз кылышыбыз керек.
Дүйшөмбү күнү өлкөдөн мунай жана мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салуу токтомуна кол койдум. Бул токтомдун жыйынтыгы жардам берет деп ойлойм.
Бизде азырынча күйүүчү майдын баасы туруктуу эле. Бизде бензин 40 сом болсо, ал эми коңшу өлкөлөрдө 60 сом болуп жатыптыр. Бул боюнча бир топ чараларды көрөбүз", - деди премьер-министр Улукбек Марипов.










1 |