Кыргыз-Казак илим фондун түзүү тууралуу оозеки макулдашылды
Кыргыз-Казак илим фондун түзүү тууралуу оозеки макулдашылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун Казакстанга жасалган расмий визитинин алкагында билим берүү жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Казакстандын жогорку окуу жайларынан акысыз билим алууну каалаган Кыргыз өлкөсүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жыл сайын бөлүнүүчү квотанын санын Казакстан тарап бештен элүүгө чейин көбөйтүүгө даяр экендиги маалым болду.
Ошондой эле Казакстан Кыргыз мамлекетинин аймагында аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалын ачууга кызыкдар экендигин билдирди.
Аталган визиттин алкагында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев казакстандык кесиптеши Асхат Аймагамбетов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык тууралуу маселелерди талкуулады.
Алмазбек Бейшеналиев эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттерин кайчылаш түрдө педагогикалык практикадан жана такшалтмадан өткөрүүнү сунуштады. Бул сунуш эки боордош өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин ортосундагы ведомстволор аралык келишимдин негизинде жүзөгө ашырылмай болду.
Мындан тышкары Кыргыз-Казак илим фондун түзүү тууралуу оозеки макулдашуу жетишилди. Бул демилгени жүзөгө ашыруу үчүн жакын арада өкмөттөр аралык келишим даярдалат.
