Жалал-Абадда быйыл былтыркыга салыштырмалуу өрттүн саны 40 пайызга өстү
Жалал-Абадда быйыл былтыркыга салыштырмалуу өрттүн саны 40 пайызга өстү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 2 айында Жалал-Абад облусунда 77 өрт кырсыгы катталды. Былтыр 55 өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен 2 жаран каза болуп, 3 автоунаа, 77 тонна тоют жабыркап, 5 миллион 952 миң 690 сомдук материалдык зыян келтирилген. Ыкчам аракеттердин натыйжасында 43 миллион 179 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калынган. Негизинен 57 өрт кырсыктары турак-жай секторунда катталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.