super.kg logo

"Тажикстандагы 5 жаран алмашуу жолу менен өлкөгө кайтарылат" дейт өкүлчүлүк

 

26-февралда "Тажикстандын күч түзүмдөрү тарабынан кармалган бир тууганым дагы деле өлкөгө кайтарыла элек, бул жаатта биздин бийлик алсыздык кылып жатат. Убада бергени менен андан майнап чыкпай, менин кабыргам кайышып жатат", - деген Гүлайым Бурканова SUPER.KG порталына кайрылган. Ал инисин чыгарууга эч кандай аракет болбой жатканын, андан 10 күндөн бери дайын жок экенин айтып, кайрылуу жасаган.

Ал эми бүгүн, 4-мартта Досматбек Орозов иниси Довлатбек Орозовдон дайын жок экенин, ал эмне ичип, эмне жеп, кандай жашап жатканынан кабатыр экенин айтып, кайрылды.

Айтымында, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев көйгөй айтууга барган жарандарды кабыл албай жатат.

"Иним Довлатбек Орозовдон дагы деле дайын жок. Ал өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Лейлек районунун мал базарына барып мал алып, кайра кайтып келе жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Андан кийин аларды Тажикстанга алып кирип кетишкен.

Өкмөт өкүлү кармалгандар чыгарылат деп айткан, бирок азыркыга чейин чыгарыла элек. Кечээ ага жолугууга барсак, бизди кабыл албай койду. 75 жаштагы апам бар, ал кыжаалат болуп уктабай жатат. Бүгүн да эртең менен өкмөт өкүлүнө жолугуу үчүн кетти", - деди Орозов.

Маселе боюнча SUPER.KG порталы тиешелүү тараптарга тынымсыз кайрылганы менен жарытылуу жооп ала албай жатат. Мамлекеттик чек ара кызматы бул маселе такталып жатканын, ага убакыт керек экенин билдирип тим болду.

Ал эми өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова билдиргендей, өкмөт өкүлү ар бир жаранды өзүнчө кабыл алууга кээде убактысы болбой калат. Айтымында, жакынкы арада бул маселе жарандарды алмашуу жолу менен чечилет.

"Өкмөт өкүлүнүн жарандарга берген убадасы жалган эмес, буга чынында убакыт керек болуп жатат. Буга чейин эки тарапта макулдашуу, жолугушуу жана сүйлөшүүлөр болуп келген. Кармалган жарандар барымтада эмес, коңшу өлкөнүн күч түзүмдөрү жарандарды мыйзам бузду деген жүйө менен кармап кеткен. Ал эми биз келген жарандарды болушунча кабыл алып жатабыз.

Өкмөт өкүлү ар бир жаранды өзүнчө кабыл албай калышы мүмкүн, анткени башка жумуштар менен алектенип калган да учурлар болот. Буюрса жарандар алмашуу жолу менен кайтарылат. Анткени бизде да коңшу өлкөнүн 15тей кармалып турган жараны бар. Тийиштүү иш-аракеттер жүрүп жатат", - деди маалымат катчы.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
04.03.2021. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Силер кандай негизде алмашасынар. Адам олтургон, наша ташыган же Кыргыз республикасына зыян алып келген тажик жараандарын бошотосунарбы ошондо. Кылган кылмыштарын негиздуу салыштыруу керек алмашууда, кыргыздарга боло берет кылбаай.
04.03.2021. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алсыз армия алсыз окмот алсыз мамлекет
04.03.2021. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тооба, рахмат чек арада жашагандарга
04.03.2021. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алар мыйзамдуу эле кармалып турат экенда чек араны бузду деген айып менен ошон учун мыйзамдуу турдо КППдан отуш керек эле бирок мин сом пайда табам деп мынтип отурушат байкуштар эми тажикстан 1адамга 4адам алмаштырат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: