super.kg logo

"Бир бейтаптын абалы оор". Аксыда тургундар ууланышкан деген маалымат боюнча министрликтин билдирүүсү

 

"Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагында 20 адам ичимдикке ууланып, 7 адам каза болду", - деп жергиликтүү тургун SUPER.KG сайтына билдирген.

Ал эми милициядан уулануудан 7 эмес, 2 адам каза болду деп билдиришүүдө. Айылдык кеңешке талапкерлигин койгон адам чай берип, тургундар ошондон ууланганын азырынча расмий тараптар тактай элек.

Чуулгандуу окуя боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымат берди.

"Аксы районундагы аймактык ооруканага 4 адам кайрылып, анын үчөө каза болгон. Бир бейтап терапия бөлүмүндө жатат, абалы орто оор деп бааланууда", - дешти маалымат кызматынан.

Жалал-Абад ОИИБи жогорудагы окуя катталганын, уулануунун кесепетинен 3 адам каза болгонун ырастап, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын билдиришти. Азырынча жарандар чын эле ичимдикке ууланышканбы так маалымат жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.03.2021. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимин калп айтып жатасынар, жергиликтуу элби же министрликпи?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: