super.kg logo
  Саясат  

Депутат Турсунбаев: "Чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссия ишти жакшы алып барбай жатат"

 

"Чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссия ишти жакшы алып барбай жатат" деп бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азизбек Турсунбаев билдирди.

"Биз эгемендүүлүк алганыбызга 30 жыл болду. 30 жылда 32 өкмөт алмашты. Биз достукта жашап келген өзбек, тажик эли менен чек араны азыркыга чеин так аныктай алган жокпуз. Мунун айынан чыр-чатактар токтобой келет. Биз кошуна мамлекет менен ынтымакта, достукта жашашыбыз керек. Баткен, Жалал-Абад облусундагы окуя болду. Чек ара кызматкерлери чек араны кайтарып жатат, алар элге түшүндүрүү иштерин жергиликтүү бийлик жүргүзүшү керек. Бүгүнкү күндө түшүндүрүү иштери жакшы жүрбөй жатат. Ошол бийлик эл менен тыгыз байланышта иштесе чыр-чатак аз болмок. Өкмөттүк комиссия дагы жакшы иш алып бара албай жатат. Комиссиянын түзүмүн кароо керек. Жыл сайын өкмөт алмашкан сайын комиссия мүчөлөрү дагы алмашат. Мисалы жолугушууга барганда даярдыгы жок барып жатышат. Кошуна мамлекеттегилер комиссиянын мүчөлөрү даярдыгы жок келип жатат деп айтып жатышат", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: