super.kg logo

Ак калпак кийген аталар, элечекчен апалар. "Ала-Тоо" аянтындагы иш-чарага кимдер катышууда?

 

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында 5-март Ак калпак күнүнө карата иш-чара өтүп жатат. Анда ак калпак кийген аталар, элечекчен апалар, байыркы кыргыз жоокерлеринин аскердик кийимдерин кийген жигиттер, үкү топу кийген бийкечтер аянттын көркүнө көрк кошуп, иш-чара салтанаттуу жүрүүдө.

Иш-чаранын башында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев сөз сүлөп, 5-март Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады.

"Ак калпак күнүн белгилеп келе жатканыбызга 10 жыл болду. Ылайым биздин аталарыбыздын, апаларыбыздын башынан ак калпагы, элечеги түшпөсүн. Улуттук кийимдерибиз кыргыздын кыргыз экендигин таанытып, кыргыздын улуттук ар-намысын козгоп, дүйнөгө ушундай барктуу, салттуу, нарктуу улут катары эл бар экенин таанып турсун", - деди Кайрат Иманалиев.

Аталган майрамды уюштурган режиссёр Рысбек Жабиров сөз кезегин алып, элди майрамы менен куттуктады. Андан соң манасчылар Дөөлөт Сыдыков, Самат Көчөрбаев манас айтып, акындар улуттук баалуулуктар тууралуу ырларын төгүштү.

Белгилей кетсек, быйыл Ак калпак күнүн белгилеп келе жатканыбызга 10 жыл толду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.03.2021. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутататтар өзү менен өзү го кымбаттап жатат деп коңгуроо кылып, силер чече албасаңар эл кайдан чечет, трибунада шайлоо жакындаган сайын үнүңөр бийик чыгып, чечкиле силер эл ишенип олтурат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: