super.kg logo

"Ачуу эмес, таттуу сатыңыздар!". Кара-Кулжанын Кеңеш айылындагы дүкөндөрдөгү алкоголдук ичимдиктер жок кылынды (видео)

 

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылындагы дүкөндөрдө сатылып жаткан алкоголдук ичимдиктер жок кылынды.

Бул тууралуу аталган айылдын кулуну Курстанбек Жеңишбек уулу SUPER.KG порталына кабарлады. Айтымында, бул эң жакшы саамалык жана азыркы тапта айылдагы дүкөндөрдө бир да ичимдик калган эмес.

"Жергиликтүү жарандар дүкөндөрдө сатыкта турган ичимдиктерди акча топтоп сатып алышып, аны кайра жок кылышты. Айылдын активист жаштары, агалар жана инилер биргеликте акча топтошту. Ал топтолгон каражат дүкөндөрдөгү ичимдиктерди сатып алууга жумшалды.

Буюрса биздин айылда ичкен адамдар болбойт, бул саамалык айылыбыздын муундары алдыңкы, билимдүү, дени сак болушуна жасалган аракет жана өбөлгө. Буга чейин да жергебизге ири мечит курулуп, жакшы саамалыктар болуп келген", - деди Жеңишбек уулу.

Ошондой эле активист жарандар дүкөндөрдүн сатуучуларына ачууну сатпай, жалаң таттуу сатып, соодалары жакшы болуусуна тилектештигин билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
04.03.2021. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аракты сатып алып төгүп жок кыласыңар, кайра эле сатылып келинет, ошол акчаларга спорттук аянтчаларды курса балким спортко алаксып, коөчүлүк азчылыка баш ийет беле спорт менен машыгып. Анан дагы Абдикарим,Талант,Өмүрбеке дагы түшүндүрүп айтып койсоңор саттыңар болду алып келбегиле башка деп. 17миңден ар бирине бергиче спорттук шайман алгыла, мелдеш уюштургула.
Belek1710 түзөттү 2021-03-04 12:24:53
04.03.2021. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Шарап ичпеген адамдарга караганда, шарапты аз-маз ичип турган адамдар ооруга коп кабылбайт. Муну турмуштан байкасанар болот. Шарапты ченеми менен ичип туруу ден соолука пайдасы коп. Аны кобу билишпейт. Бир аз шарап ичсеңиз, иммунитетиңизди көтөрүп, суук тийип, инфекцияларга каршы турасыз. Аз аздан шарап ичип туруу организмде глюкозаны башкаруу жөндөмүн өркүндөтүп, кант диабетинин алдын алат. Шарап эмчек жана жоон ичеги рагынын коркунучун азайтып, депрессия жана стресстен арылууга жардам берет
Mirlan27011987 түзөттү 2021-03-04 12:46:07
04.03.2021. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mirlan27011987,боктун ыссыгын жепсин манкурт
04.03.2021. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аракты жок кылам деп СССР да курошкон : наоборот гавно болгон .Эми бугунку Аксыны айткыла : спиртти сууга кошуп ичишип 3 адам олду отравлениядан. Кыргыздар койгулачы .Артык кылам деп тыртык кылганынарды. Просто баланс кармап : расчёт алып ичкиле .Ичем деп тубуно кирип кетпей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: