Президент Садыр Жапаровдун талкаланды делген баракчасы 9 жылдан бери иштейт
Социалдык тармактарда депутат Дастан Бекешевдин жаңы Конституцияны сынга алган видеосу тараган. Facebook социалдык түйүнүндөгү видеонун алдына Садыр Жапаров аттуу колдонуучу “Көзү эле эмес, көөдөнү кошо сокур экен бул акмактын – помощник”, - деген пикир жазган.
Бул пикир колдонуучулардын кызуу кебине алынып, азыр да комментарийди ар тараптуу талкуулагандардын аягы суюла элек.
Мындан улам Factcheck.kg Садыр Жапаров аттуу колдонуучу тууралуу маалыматты текшерип чыкканын маалымдады.
Басылманын маалыматында, баракчага алгачкы сүрөт 2012-жылдын 25-декабрында жарыяланган.
Анда аккаунт 9 жылдан бери иштей турганы кабарланган.
Басылма жыйынтыктап, "Дастан Бекешевди кемсинткен Садыр Жапаров аттуу Фейсбук колдонуучусу фейк эмес" деген бүтүмгө келген.
Буга чейин президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек өлкө башчы Садыр Жапаровдун Facebook аккаунту талкаланганын жана билдирүүнү президент жазбаганын билдирген.

Хакерлер аккаунт эмес чоң дүйнөлүк сайттарды взлом кылышат!