Борбордо КМШ өлкөлөрүндөгү композиторлордун чыгармалары боюнча концерт өтөт
Бишкектеги Кыргыз улуттук консерваториясында 17-октябрь күнү Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Татарстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын композиторлорунун чыгармалары боюнча концерт өтөт. Бул тууралуу окуу жайдын проректору Екатерина Лузанова билдирди. Иш-чарага чыгармалардын авторлору, аталган өлкөлөрдүн маданият өкүлдөрү: Чары Нурымов (Түркмөнстан), Муратбек Бегалиев (Кыргызстан), Раув Алиев жана Сардар Фараджев (Азербайжан) катышат. Мындан сырткары президенттик “Манас” жана Чүй камералык оркестри катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.