super.kg logo

Жусуп Абдрахмановдун иш столу Мамлекеттик тарых музейине өткөрүп берилди

 
Мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун иш столу Мамлекеттик тарых музейине өткөрүп берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышты. Анда бул столдун тарых музейине берилиши абдан маанилүү экендиги айтылып, музейдеги бирден-бир баалуу тарыхый экспонат катары фондду толуктап жаткандыгы белгиленген.
"Иш столду өткөрүү иш-чарасына президенттик аппараттын Гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев жана Улуттук илимдер академиясынын Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институтунун директору Абылабек Асанканов катышты.
Бул стол тарыхый жактан өзгөчө мааниге ээ. Столдун болжолдуу курагы дагы 100 жыл. Тарыхый мааниге ээ болгон Абдрахмановдун иш столу Илимдер академиясында интеллигенция өкүлдөрүнө кызмат кылып келген", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров "Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыкка кол койгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: