super.kg logo

Аксыда алты адамдын өмүрүн алган уулануу. "Айылдык кеңешке депутаттыкка талапкерлигин койгон аял тургундарды сый-чайга чакырган" дейт айыл өкмөт башчы

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылынын айыл өкмөт башчысы Дөөлөтбек Миңбаев SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундардын спирт ичимдигине ууланганы боюнча маалымат берди. Анын айтымында, айылдык кеңешке талапкерлигин коюп жаткан Бурулкан Эргешова аттуу аял тургундарга сый-чай берген.

Миңбаевдин айтымында, уулануудан 6 адам каза болду, азыркы тапта дагы бир адамдын абалы оор.

"Жалпы 18 адам болгон. Алардын алтоосун азыр текшерип жатат. Ал эми 5 адам медициналык жардам алып үйлөрүнө чыгарылган. Айылдык кеңешке талапкерлигин коюп жаткан аял чай берип, алар спирт ичимдигин суу менен аралаштырып ичишкен. Ал аялдын өзүнүн дарыканасы бар. Азыр уулангандарга экспертиза жүргүзүлүп жатат. Кечке чейин эмнеден ууланышканы анык болот", - деди Миңбаев.

Ал эми айылдын атын атагысы келбеген тургунунун айтымында, Бурулкан Эргешова Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешовдун бир тууганы. Биз маалыматтарды тактоо үчүн Эргешовго байланышуу аракетибиз ишке ашкан жок. Азырынча бул маалыматтарды айыл өкмөт атын атаган адамдар тастыктай элек. SUPER.KG порталы экинчи тараптын айткандарын угуп жарыялоого даяр.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги жогорудагы окуя боюнча маалымат тараткан.

"Кара-Суу айылынын 19 тургуну кафеден түштөнүшкөн. Бейтаптардын айтымында, алар салат, беш бармак жана сууга аралаштырылган спиртти ичишкен.

Учурда массалык уулануу боюнча эпидемиологиялык тергөө башталып, уулангандар менен чогуу тамактанган башка адамдарды аныктоо иши жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат эпидемиологиялык текшерүүнүн жыйынтыгы менен берилет", - дешкен министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
04.03.2021. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул иим качан токтотот жалган айтканын кара-сууда кайсы кафе бар экен. Бурулкан ууландырды деп эле айтылып жатат ко
05.03.2021. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aksy.1989,ресторан барго ошол жерде эмесби
05.03.2021. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aizbek,ресторанга чакырып Жогорку кенеш чай пай берет. Бул айылдык кенеш болуп жатат да тууганым. Кара-жыгач айылында болуптур видеосун кордум
05.03.2021. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aizbek, кайран элим кайда баратабыз болуптур бул жагы
05.03.2021. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
спирт ичилген жерде сый барбыкен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: