super.kg logo

Жалал-Абад ОИИБи: "Аксыдагы ууланган туугандар 23-февраль менен 8-март майрамын майрамдашкан"

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда массалык уулануу боюнча облустук милиция маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, 4-март күнү таңкы саат 07:15 чамасында Аксы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Аксы аймактык ооруканасынын дарыгери кайрылып, Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагынын 3 тургуну оор абалда, болжолдуу диагнозу “уулануу” менен кайра жандандыруу бөлүмүнө кайрылгандыгын билдирген.

"Аталган факты боюнча Аксы РИИБинин жетекчилиги жана тергөө ыкчам тобу окуя болгон аймакка барып тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Алдын ала алынган ыкчам маалымат боюнча, 2-март күнү саат болжол менен 14:00 чамасында Кара-Жыгач айыл аймагындагы ашканага Кара-Суу айыл аймагынын 1956-жылы туулган Э.Б. аттуу тургун буюртма берип, өзүнүн жакын туугандарына 23-февраль жана 8-мартка карата майрам кылып берүү үчүн Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынан турган 15 чакты адамды чакырган. Чакырылган жерге 19 адам барган. Ал жерде туугандар өз ара майрамдап отурушкан. Отурган жеринде тамак тартылган жана спирт ичимдиктери ичилген.

Отуруштан болжол менен саат 16:30да тарап кетишкен. Эртеси, тактап айтканда 3-март күнү кечинде болжол менен саат 23:00 чамасында отурушка барган алты адам Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнө жакын туугандары тарабынан жеткирилип, ал жерден алдын ала биринчи жардам көрсөтүлгөн. Абалдары оор болгондуктан жолдомо менен Аксы аймактык ооруканасына жөнөтүлгөн. Алардын үчөө жолдон, үчөө ооруканага келген соң каза болгон.

Бул факты Жазык кодексинин 280-беренеси "санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
04.03.2021. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өз ара майрамдап калыштыбы акыры, жаткан жерлери жайлуу болсун, талапкердин ден-соолугу кандай болду экен чай берген?!
04.03.2021. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уже версия озгорду э.
04.03.2021. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Арактан ууланды болуш керек акыркы кундору арак ичип, каза болгондор коп болууда!
04.03.2021. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Арактан уулангаг
04.03.2021. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арактан ууланган
04.03.2021. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жерде неге жалган верция берет, жергиликтүү кеңешке талапкер, чай берген деп жүпөтгө
04.03.2021. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Депутаттын тууганы болгон учун ушунтип коюшту окшойт го, уят эле ИИМ болгонун болгондой эле айта бергиле да, жок дегенде маалымат такталып атат деген дежурный созунор бар эле го, ошентип койбопсунар.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: